Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:28
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

17 медициналык билим берүү мекесине эскертүү берилди

28.11.2022 16:46
380
17 медициналык билим берүү мекесине эскертүү берилди

Билим берүү жана илим министрлиги апрель айынан тарта 60 билим берүү уюмунда лицензиялык талаптардын сакталышына текшерүү жүргүздү.


Ведомстводон билдиргендей, натыйжада 41 билим берүү уюму, анын ичинен медицина багыты боюнча билим берген 17 билим берүү уюмуна эскертүү берилди. Аларга лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу үчүн мөөнөт берилди.


Мындан тышкары, министрлик жарандардын же уюмдардын арыздарынын негизинде пландык текшерүүлөрдөн тышкары үч билим берүү уюмунда текшерүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында эки билим берүү мекемесине эскертүү берилип, айып салуу чечими кабыл алынып, кийинчерээк бирөөсүнүн лицензиясы токтотулган.


Министрлик жарандарды жана уюмдарды билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалымдоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн