Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

17-январдан бери чет өлкөдөгү 1881 жаран айдоочулук күбөлүгүн алмаштырды

10.08.2022 10:11
386
17-январдан бери чет өлкөдөгү 1881 жаран айдоочулук күбөлүгүн алмаштырды

 2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерде Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы башталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-августуна карата Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган 2306 жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча дипломатиялык мекемелерге кайрылды жана алардын ичинен 1881 жаранга айдоочулук күбөлүк берилди.


Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү жоготулган айдоочулук күбөлүктөрүн калыбына келтирүүгө же алмаштырууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары алар жашаган жери боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот.


Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык жеке номерин;

2) белгилеген форма боюнча арызды (ошол жерде толтурулат);

3)Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карт) же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун - Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;

5) улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);

6) айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн