18 жаштагы бала киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 6-мартта билдирүү түшкөн. Буга байланыштуу Аламүдүн РИИБдин ыкчам чара көрүү кызматкерлери 70 жаштагы жаранды издей баштаган.
70 жаштагы жарандын үйүнө жакын жерде кафе болгон. Аны акыркы жолу ошол жерде спирттик ичимдик ичкенин көрүшкөн. Атайын кызматкерлер жакын жерден кандын тактарын байкаган.
Мындан улам 18 жаштагы неберси К.С кармалган.
Маалым болгондой, 5-март күнү кечинде чоң ата менен небере ортосунда жаңжал чыгып, небереси чоң атасын урган. Ал эсинен танып жатып калганда башына бир нече жолу балка менен сабап салган. Натыйжада чоң атасы каза болгон.
Бала сөөктү унаага жүктөп айылдардын бирине алып барып, камыштын арасына бекитип салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн