Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

1920 адам кыргыз жарандыгын алса, 205 адам жарандуулуктан чыгарылды

16.01.2023 18:52
318
1920 адам кыргыз жарандыгын алса, 205 адам жарандуулуктан чыгарылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Алардын ичинен беш жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 1920 адам (1479 - чоңдор жана 441 - балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.


Ошондой эле, бир жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 205 адам (анын ичинен 187 - чоңдор, 18 - балдар).


Бардыгы болуп 2125 адамдан (1666 - чоңдор жана 459 - балдар) арыз түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн