Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

№2 аракет: Эмне үчүн Түлеевге кайрадан шайлоо керек?

08.05.2021 14:17
1725
№2 аракет: Эмне үчүн Түлеевге кайрадан шайлоо керек?


"Ак-Бата" партиясынын лидери Н.Түлеевдин маалыматтык чуусу - бул жарышта атаандаштарын жаманатты кылуунун гана эмес, ошондой эле Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда башаламандыкты алып келүү!


Бул ага эмне үчүн керек?

1. Эсиңиздеби, ал биринчи жолу Бишкек АШК НДПК партиясын шайлоодон четтетээри менен кайра шайлоо өткөрүүнү айтып чыккан. Мунун себептери жөнөкөй болгон: НДПК партиясынын лидерлеринин бири Азиз Суракматов Түлеевге жакын адам (туугандык байланыштарды айтпаганда). Бишкек шаарынын мэри болуп турганда, Н.Түлеев 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоону тебелеп-тепсеп (протоколдордун толугу менен бурмалангандыгы жана кайрадан жазгандыгын баарынын эсинде), Суракматовду алгач депутат, андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин спикери кылган!!!

2. 2021-жылдын 11-апрелинде, түн бир оокумда, А.Суракматовдун демилгеси менен Салымбеков жана Түлеев менен жолугушуу болуп, экөө үч партиянын: "Ак-Бата", НДПК жана "Эмгек" партияларынан коалиция түзүүгө көндүрүшкөнүн бардыгы билишет. Ошентип, Түлеев Суракматовдун октябрдагы планын ишке ашыргысы келген, алгач биринчи вице-мэр болуп дайындалган, кийин ал өзүн толугу менен борбордун мэри деп жарыялаган. Бирок шаар мэрлигинен куулуп чыкканы гана элдин эсинде калды.


Кийин белгилүү болгондой, Түлеевдин мурунку амбициялары ушул күнгө чейин аны тынч койбой келген.


Эми № 2 аракет жөнүндө.

Баардыгы жөнөкөй, НДПКны жарыштан чыгарары менен "Эмгек" партиясын (Ак-Бата менен коалициядан баш тарткандыгы үчүн) жаманатты кылуу партияга дагы, Бишкек АШКга дагы, Борбордук шайлоо комиссиясына дагы маалыматтык чабуул башталды.


ММК тарабынан маалыматтык колдоону акы төлөнгөн 24.кг (Дарья Подолская, айтмакчы, БШКнын ар бир жыйынына жана НДПК партиясынын ар бир сот жараянына катышат), ошондой эле жалданма МТУ кызматкерлери жана квартал жеткечилери тарабынан камсыздалат.


Шайлоо босогосунан өтпөгөн жана кайрадан шайлоого кызыкдар партиялар дагы ага кошулду.


Түлеев Жогорку Соттун чечимин күтүп жаткан. Баса, НДПКнын лидерлери алдынкы 8 талапкерлерден соттун алар каалагандай чечим чыгарышы үчүн 12 000 доллардан чогулткан. Сот отурумна удаалаш алар "Эмгек" партиясына каршы иштешкен.


Бирок, алардын аракеттеринен майнап чыкпай, 2021-жылдын 7-майында Жогорку Сот алар күткөн чечимди чыгарган жок. Ошол замат Түлеев партия жарыштан чыгып жатат деген билдирүүсүн жарыялады. Бирок, Түлеев мырза мөөнөт өтүп кеткенин эске алган жок көрүнөт. Партиялаштары айткандай, эми ал "Ак-Бата" тизмесиндеги талапкерлердин баарын арыз жазууга көндүрүүдө!


Ошондой эле буга катар эле, БШКга кысым күчөп, Бишкек шаарындагы шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга жетишүү үчүн анын мүчөлөрүнө пара берүү аракети көрүлүүдө.


Шайлоо алдындагы жарышта бир топ күч-аракет жумшаган "Ак-Бата" партиясынан талапкерлердин Түлеев жана анын катуу билдирүүсү менен кандай байланышы бар экендигин билгибиз келет. Түлеев өз чечимин партиялаштарынын эч кимиси менен макулдашпаганын күтсө болот жана алар өз кезегинде мандатын тапшырууну көздөшпөйт.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн