Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

2-августта колун жууп жатып Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын денеси табылды

05.09.2021 09:05
972
2-августта колун жууп жатып Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын денеси табылды

2-августта колун жууп жатып Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Токтогул району, Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Эликти тилкеси) Чычкан суусунда 1960-жылы туулган Д.В. аттуу аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.


Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.


Жогоруда аталган аял 2021-жылдын 2-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) Чычкан суусуна агып кеткен.

Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп суу тартылганга чейин убактылуу токтотулган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн