Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

2 млн сом опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

13.11.2021 10:16
490
2 млн сом опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 Уюшкан кылмыштуу тобтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 12-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн КРнын Жазык процесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана “С.А.” аттуу Кыргыз Республиксынын жараны УКМК тарабынан кармалды. 


Кармалган жаран “Б.И.” аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.


 Кармалган “З.Б.” УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн