Сокулук районунун акиминин орун басары Самаган Муркалиев кызматынан бошотулду. Мындай чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Райондун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды.
Мурсалиев бул кызматка 2021-жылдын июль айында дайындалган. Декабрдын аягында Түмөнкү Чүй айылындагы мектептин дааратканасынын ачылыш аземине катышкан. Даараткананын курулушуна демөөрчүлөр тарабынан 2 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн