Кадамжай районунда 2 жашка толо элек кызын сабаган эне бир айга камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка таянсак, Кадамжай райондук соту Ш.Мны бир ай тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Аял Жалал-Абаддагы СИЗО-53кө камалат.
Эскерте кетсек, Кадамжай районунун тургуну Ш.М. жарандык никедеги күйөөсүнөн өч алуу максатында кызын сабап, видеосун жолдошуна жөнөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн