Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 1020 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 20-июлдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында - 300;
Ош шаарында – 77;
Чүй облусу – 92;
Ош облусу - 55;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 36;
Баткен облусу - 34.
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 27 143 учур катталды.
Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 781 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 13 109 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн