Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

“20 миң сом беришкен”: Ошто добуш сатып алуу фактысы аныкталды

04.10.2020 10:21
1131
“20 миң сом беришкен”: Ошто добуш сатып алуу фактысы аныкталды


Ош облусунда добуш сатып алуу фактысы аныкталды, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында шайлоо мыйзамдарын бузулушуна жол бербөө максатында Ош ОИИБдин кызматкерлери тийиштүү ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө. Ушундай иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында шайлоо күнүнө карата кайсыл бир саясий партиянын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ош ОИИБдин Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун  бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 1-октябрь күнү саат 22:15 чамасында малымааттардын электрондук журналына катталып,  Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген.

Тийиштүү иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кочкор айыл аймагынын тургундары, 26 жаштагы  Ау.А, К.Т, С.Ж, Б у.Д, Б.С жана З.у.А биргеликте, 26 жаштагы А.М ге Кара-Кочкор айыл аймагынын тургуну 53 жаштагы К.А.га парламенттик шайлоого  талапкер болуп жаткан “Республика”  саясий партиясына добуш берүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча жана шайлоо күнү ошол аталган акчага дагы кошумча берилээрин айтып акча тапшырышкандыгы маалым болду жана аталган акча каражаты тергөө кызматы тарабынан далил буюм катары алынды. Топтолгон материалдын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн