Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

20 жылдан бери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн казак жараны кармалды

05.11.2021 17:34
763
20 жылдан бери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн казак жараны кармалды

20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө документтери жок жүргөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы  билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда оперативдүү-профилактикалык рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Кемин РИИБинин кызматкерлери тарабынан болжол менен 55-60 жаштар чамасындагы азиат улутундагы өздүгүн тастыктаган документтери жок жаран кармалган. Тактоо иштеринин жүрүшүндө ал адам 62 жаштагы И.А. аттуу Казакстандын жараны экени аныкталган. Ал 2002-жылдын январь айында Кыргыз өлкөсүнө иш издеп келип, Кемин районунун Бообек айылынын аймагында калган. Ал өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, андан бери эч кандай документтери жок жүргөн.


"Бул факты Кемин РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бул факты боюнча чогултулган материалдар андан ары териштирүү үчүн УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти милициядан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн