Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

200 миң айып төлөйт. Облустук сот экс-депутат Өмүрбек Бакировго карата чечимди күчүндө калтырды

11.03.2024 13:02
250
200 миң айып төлөйт. Облустук сот экс-депутат Өмүрбек Бакировго карата чечимди күчүндө калтырды


Ош облустук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировго карата чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаевага таянып билдирди.


Буга чейин Ноокат райондук соту ага 200 миң сом айып салган.


"Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, экс-депутат айыпка жыгылган. Биз бул чечимди артка кайтарууну суранганбыз, бирок Ош облустук соту арызды канааттандыруудан баш тартты", — деди Сүйүнбаева.


Эскерте кетсек, Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. Кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн