Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон жаран андан баш тартты

03.11.2022 09:50
428
2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон жаран андан баш тартты

2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон жаран диний экстремисттик уюмдан  баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы  билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. - КР жараны, радикалдык көз карашынан баш тартканын коомчулук алдында билдирди. Х.А.С. 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.


Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.


Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн