Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2010-жылы Убактылуу өкмөт Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирген

2010-жылы Убактылуу өкмөт Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирген

УКМК сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер.


2010-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №43 Декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн.


Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.


Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.

Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.


КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун мурдагы Төрагасы Д.Ф.З., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, КР УКМК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн