Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2012-жылы Башкы прокурор Садыр Жапаровго иш козгоо үчүн парламентке кайрылганда Асылбек Жээнбеков четке каккан

05.06.2021 14:04
2733
2012-жылы Башкы прокурор Садыр Жапаровго иш козгоо үчүн парламентке кайрылганда Асылбек Жээнбеков четке каккан

Анда эмесе, тарыхтан кеп салалы.

2012-жылы Башкы прокурор Аида Салянова депутат Садыр Жапаровго кылмыш ишин козгоо үчүн, анын депутаттык кол тийбестик артыкчылыктарын ажыратууга макулдук сурап, Жогорку Кеңешке кайрылат. Башмыйзамга ылайык "...Депутатты камакка алууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн макулдугу керек..." болгон.


Атайын депутаттык комиссия түзүлүп, натыйжада ошол кездеги төрага Асылбек Жээнбековдун колу менен башкы прокурордун суранычы четке кагылган токтом кабыл алынган.

Ошонун негизинде Садыр Жапаровду камакка алууга парламент жол берген эмес.

Ал эми азыр Жогорку Кеңештин депутаттары А.Жээнбеков, Т.Зулпукаровдорду камакка алууда жогорудагы Башмыйзамдын эрежелери одоно бузулган. 


Башкы Прокурор Курманкул Зулушев мыйзамды сыйлаган адам. 

Урматттуу Курманкул Токторалиевич Башмыйзамдын бузулушуна жол бербейт деп ишенебиз. Эки депутаттын бөгөт коюу чарасы өзгөрүлүшү керек.


Дайырбек Орунбеков, журналист


http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/73222/10?cl=ru-ru





Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Токтобердиев Талайбек А.
Ооба, эң туура, депутаттын укугун коргогон Мыйзам өтө одоно түрдө бузулган. А.Жээнбеков Мыйзамсыз камака алынган. Эки дос өз башынан отконду тез эле эстен чыгарып унута баштаганбы?.. Генпрокурор К.Зулушев грамотный юрист го, ачыктан - ачык эле беспредел болуп жатса ал эмне унчукпай "балык" болуп отурат. Асылбек Жээнбеков ж.б. - Боштондук!
Рустан
Акталсын куноосу болбосо бошотулсун.☝️☝️☝️