16-февралда Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн, тыюу салынган уюмдун мүчөсү катары С.А.С. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кармалган адам эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террористтик уюмдардын курамында жүрүп өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн