Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:47
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

2019-жылы Кыргызстанды таштап кеткендин саны өскөн

28.05.2020 15:01
1235
2019-жылы Кыргызстанды таштап кеткендин саны өскөн

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2019-жылы жашаган жерин өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны көбөйгөн. Тактап айтканда, башка жака туруктуу жашоо үчүн жер которгондордун саны 7,6 миңге жетип, калктын миграциялык агымы 14,4 пайызга көбөйгөн.


“2019-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1,4 миң адам келген (1,7 миң адам – 2018-ж.), ал эми 7,6 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен (7,1 миң адам – 2018-ж.), калктын миграциялык агымы  - 6,2 миң адамды түздү (5,4 миң адам – 2018-ж.). Натыйжада, калктын миграциялык агымы 14,3 пайызга көбөйгөн”, - деп айтылат аталган мекеме тараткан билдирүүдө.  


Сыртка чыгып кеткендердин 70,6 пайызы Россияга агылса, 18,1 пайызы коңшу Казакстанга жер которгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн