Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

2020-2024-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын долбоору каралат

22.05.2020 09:13
984
2020-2024-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын долбоору каралат


Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 2020-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору карала турган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү күтүлүүдө.

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, стратегиянын долбоору Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимдерин ишке ашыруу алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы астында улуттук эксперттердин тобун тартуу менен иштелип чыккан.

Анын айтымында, стратегиянын иштелип чыккан долбоору заманбап чакырыктар менен коркунучтарга жооп берет жана мамлекеттик органдардагы тигил же бул коррупциялык көрүнүштөр менен системалуу күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн