Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

2020-жыл ИИМге 200 миңден ашык билдирүү келип түшкөн

22.01.2021 09:28
438
2020-жыл ИИМге 200 миңден ашык билдирүү келип түшкөн
Республиканын ички иштер органдарынын нөмөт бөлүктөрүнүн кызматкерлери милицияга түшкөн билдирүүлөрдү каттоо, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топторун жөнөтүү боюнча чоң иштерди жасашат. 2020-жылдын ичинде Кыргызстандын ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнүн милиционерлери маалыматтарды каттоонун электрондук журналына 222 миң 206 кылмыштар, жоруктар жана башка бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү каттап, анын ичинен 123 миң 265 билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

2020-жылдын 12 ай ичинде окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору 150 миң 566 жолу жөнөтүлгөн. Алардын ичинен, кылмыштар жана жоруктар фактылары боюнча-123 миң 792, криминалдык мүнөздөгү жараттар жөнүндө чакырууларды алганда медициналык мекемелерге-23 миң 590 жолу чыгышып, 3184 жалган маалымат болуп чыккан. Кылмыштын изин сутпай ыкчам-тергөө топтору 1992 шектүүнү кармашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам нөөмөткерлери 12426 чалууларды иштеп чыккан. Алардын ичинен криминалдык мүнөздөгү -4986, коомдук-саясий мүнөздөгү-3148, маалыматтык-тактоо иретиндеги мүнөздөгү 4292 болот.

Күн сайын жетектөөчүлүк курам Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт кезметтерине жана ыкчам-тергөө топторуна тескемелерди өткөрүп, анда милиционерлер республикадагы коомдук-саясий абал жана криминогендик кырдаал тууралуу маалымдалып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткаруу, нөөмөт учурунда кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө тапшырмалар коюлат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн