Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 21 пайызга өскөн

21.10.2021 12:33
456
2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 21 пайызга өскөн

Акыркы убактарда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көбөйүп жатканы байкалууда, деди президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде.


Анын маалыматына караганда, өткөн жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 21%га өскөн.


“Бул көрсөткүч тиешелүү ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт. Мен бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу тапшырма бердим”, - деди мамлекет башчысы.


Белгилей кетсек, Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анын ишине КР президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн