Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

2022-жылы 150 миллиард сом салык жыйналат

11.01.2022 16:42
1032
2022-жылы 150 миллиард сом салык жыйналат

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Акылбек Жапаров белгилегендей, МСК алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган. 


«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын план коюлган», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.


Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.


Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы МСК алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн