Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

2022-жылы дээрлик 7 тонна баңгизат аныкталган

07.02.2023 10:46
179
2022-жылы дээрлик 7 тонна баңгизат аныкталган

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2022-жылдын 12 айында төрт багыт боюнча негизги маанилүү жетишкендиктер чагылдырылган видео ролик даярдалды.


ИИМден билдиришкендей, ички иштер органдары тарабынан 12 ай ичинде 1248 баңги кылмыш аныкталып, 11 баңги лабораторияга бөгөт коюлган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонн 852 кг 879 грамм баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинен: апийим - 10 кг 194 грамм, героин – 76 кг 931 грамм, гашиш – 207 кг 067 грамм, марихуана - 434 кг 136 грамм, прекурсорлор - 5 т 793 кг 582 грамм, психотроптук заттар – 231 кг 319 грамм, кара куурайдын саманы - 50 кг 653 грамм, кара куурай өсүмдүгү – 25 кг 649 грамм, башка баңгизаттар – 23 кг 260 грамм.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн