2023-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү. Бул тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчысы төрагалык кылууну кабыл алып жаткан Россияга интеграцияны өнүктүрүү, дүйнө экономикасында Евразиялык экономикалык биримдиктин ишин илгерилетүү боюнча жооптуу миссиясына ийгиликтерди каалайм.
"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, боордош Россия тарапка келерки жылы биримдикке төрагалык кылуу ишмердигинин ийгиликтүү болушун каалайм, мындай жооптуу ишмердик үчүн кыргыз тараптын ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирем", - деди Садыр Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн