Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

2024-жылы кайсы көчөлөрдө коомдук транспорт үчүн тилке пайда болот? (тизме)

20.12.2023 16:01
421
2024-жылы кайсы көчөлөрдө  коомдук транспорт үчүн тилке пайда болот? (тизме)


2024-жылдын башында Бишкектин жолдорунда коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору, мэрдин транспорт маселелери боюнча кеңешчиси Улан Уезбаев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, тилкелер төмөнкү көчөлөрдо пайда болот:

- Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жана Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;

- Масалиев көчөсүндө Байтик Баатыр көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейин;

- Жибек Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

- Манас/Ч.Айтматов проспектисинде Жибек Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;

- Ахунбаев көчөсүндө Садырбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

- Дэн Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

- Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

- 7-апрель көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.


Белгилей кетсек, быйыл Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн тилкелер пайда болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн