Чын курандын 25, 2025
Убакыт: 19:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

2026-жылы ишке кирет. Куланак ГЭСинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

25.04.2025 13:29
23
2026-жылы ишке кирет. Куланак ГЭСинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө


"Нарын" өндүрүштүк ишканасы" ЖЧКсы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон "Куланак" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. 


Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш аянты Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым төмөн жагында жайгашкан.


Нарын дарыясынын гидропотенциалын максималдуу пайдалануу жана суу астында калуучу аймакты азайтуу максатында гидротехникалык курулуштардын төмөнкүдөй түзүлүшү каралган:


  • дамба;
  • бурма сууну кабыл алуучу курулуш;
  • бурма канал;
  • оргутуучу бассейн;
  • ГЭС имараты;
  • суу агып чыгуучу канал.


Суу алуучу жайдан бурма канал 6,5 чакырым узундукта дарыянын оң жээги аркылуу напордук-станциялык түйүнгө чейин жүргүзүлөт. ГЭСтин машиналык залында ар бири 25 мегаватт кубаттуулуктагы 4 гидроагрегат жайгашып, жыл сайын 450 млн киловатт-саатка чейинки экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрөт.


Долбоордун негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр:


  • электр энергиясына болгон ички суроо-талапты биринчи кезекте канааттандыруу;
  • экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү энергетикага өтүү;
  • өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо;
  • CASA-1000 долбоорунун алкагында Пакистан жана Ооганстанга экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулуктарды түзүү.


Учурда ГЭСтин курулушуна 600дөн ашуун курулуш кызматкерлери тартылган. 2025–2026-жылдардагы активдүү курулуш баскычында бул көрсөткүчтү 1000 адамга чейин жеткирүү пландалууда. Куруучулардын ыңгайлуу жашоосу үчүн керектүү шарттар менен жабдылган вахталык шаарча салынган, ал жерде коомдук, маданий жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү объектилер жайгашкан.


Долбоордун өзгөчө артыкчылыгы — ГЭС менен бирге курулуп жаткан мелиорациялык системалардын жардамы менен сугат жерлеринин аянты 56%га, тактап айтканда, 4 650 гектардан 7 205 гектарга чейин кеңейтилет. Ошондой эле иштеп жаткан насостук станцияны тейлөөгө жыл сайын жумшала турган 10 млн сом бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Сугат жерлеринин көбөйүшү, энергиянын запасынын жаралышы ири дыйкан чарбаларын жана агроөнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө шарт түзөт, туруктуу жумуш орундарын жаратат жана аймактын азык-түлүк коопсуздугун бекемдейт.


Куланак ГЭСинин долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу көп тараптуу (мультипликативдүү) натыйжа берип, экономика үчүн жаңы киреше булактарын түзөт жана аны диверсификациялоого өбөлгө болот. Бул болсо бүтүндөй аймактын экономикалык өсүшүнө көмөктөш.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн