Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус дагы 822 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 300, Ош шаарында – 70, Чүй облусунда – 207, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 475 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 183, Ош шаарында – 118, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 70, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адам", - деп айтылат билдирүүдө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн