21-июндан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.
Каттам шейшемби күндөрү South China Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн