Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

22 килограмм «марихуана» менен Токтогулдун тургуну кармалды

22 килограмм  «марихуана» менен Токтогулдун тургуну кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери  баңгизатты сатып өткөрү каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операциясын ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда   ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 3-декабрда жүргүзүлгөн санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1984-жылы туулган  О.К. аттуу жашоочусунун жашаган үйүнөн кара жашыл түстөгү,  өзгөчө кендир жыты бар зат салынган каптар табылган.


Мындан ары жүргүзүлгөн иштердин  натыйжасында баңгизаттарды сатып жана өндүрүп келген жай аныкталган.


Тинтүүнүн жүрүшүндө  баңгизаттарды даярдоо үчүн колго жасалган шаймандар дагы табылып алынган.


Соттук- химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган заттардын жалпы салмагы 22 килограмм 130 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.


Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн