Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 09:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

2,3 килограмм баңгизат менен өзбекстандык жаран кармалды

2,3 килограмм баңгизат менен өзбекстандык жаран кармалды

Эл аралык баңги тобу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


      Маалыматка ылайык,     Кыргыз Республикасынын УКМК 2022-жылдын 23-ноябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргыз Республикасынын жараны П.О.А. кармалды.

          Атап айтканда, Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон "чарс" баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды.  

   

      Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А. Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

 

        Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

          Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


         

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн