Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

23 жыл мурда издөө жарыяланган кыргызстандык Екатеринбургда кармалды

18.06.2024 10:21
199
23 жыл мурда издөө жарыяланган кыргызстандык Екатеринбургда кармалды


Екатеринбургда 23 жыл мурун зордуктоого шектелген Кыргызстандын жараны кармалды. Ал Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн URA.RU маалымат булагы билдирди.


«Кылмыш иликтөө кызматкерлери Кыргызстандын 50 жаштагы жаранын аныктоого жана кармоого жетишти. Ал 2001-жылы Талас облусунун ички иштер органдарынан жашырынып, Орусия Федерациясына мыйзамсыз келген. Ал жерде 2000-жылы жасалган зордуктоо боюнча кылмыш иши боюнча шектүү болгон», - деп айтылат маалыматта.


Кыргызстандык буга чейин мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ал 23 жылдан кийин Екатеринбургдан табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жакынкы арада мекенине депортацияланып, милицияга өткөрүлүп берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн