Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

24 килограмм баңгизатты Казакстан аркылуу Россияга алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

09.04.2022 12:44
492
24 килограмм баңгизатты Казакстан аркылуу Россияга алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Казакстан аркылуу Россияга алып бара жаткан баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен ОИИБнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алынган ыкчам маалыматтарынын негизинде ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, Лейлек районунун тургуну өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бараткандыгы белгилүү болгон.


Баткен ОИИБнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ИИМнин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигинин уюштуруу иштеринин негизинде Чүй ОИИБнын Ыссык-Ата РИИБнин жана чек ара кызматкерлеринин берген жардамы менен Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну 2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын ортосундагы Чүй облусунун Ыссык-Ата районунундагы чек ара өткөрмө постунан кармалды.

Текшерүү иштеринин алкагында 12 бирикеттеги баңгизаттын жалпы салмагы 24 кгды түзгөн.


Бул факты Баткен ОИИБнын КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн