24-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 5;
Баткен облусунда – 1;
Ош шаарында - 2;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Нарын облусунда - 25;
Санкт-Петербургдан келгендер - 1;
Соль-Илецктен келгендерден - 3.
Муну менен республика боюнча жалпы 1403 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 23 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 980 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн