4-декабрь күнү Таластагы "Манас Ордо" комплексинде манасчылар тынымсыз 24 саат "Манас" айтат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Аталган иш-чара Манас күнүнө арналып уюштурулуп жатат.
"Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышат. "Манас" эпосун айтуу 4-декабрда саат 11: 00дө башталып, 5-декабрда ошол эле учурда аяктайт. Белгилей кетсек, иш-чара республикалык бюджеттин чыгымдарын талап кылбастан, демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулуп жатат",- деп билдирди министрлик.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн