Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

24 жаштагы кыз унаа уурдоого шектелип кармалды

06.09.2021 14:42
1114
24 жаштагы кыз унаа уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте 24 жаштагы кыз Subaru Outback унааны айдап качты деп шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 4-сентябрда болжол менен саат 02:50лөр чамасында “102” кызматына Эркиндик бульвары жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Жеринде 25 жаштагы Ж.О. аттуу жаран арыз жазган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 02:40тар чамасында арыз ээсинин токтоп турган “Субару Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз кыз айдап кеткен.


Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Ф. аттуу кызды кармашып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн