Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси 27-28-февралда өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:
1. Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
2021-жылдын 27-28-февралында өтүүчү жарманкедеги продукциялардын баалары:
Уй эти – 390-405 сом
Жылкы эти — 380-390 сом
Кой эти — 410 сом
Тоок эти — 190-200 сом
Суу май (раст масло) — 118-125 сом
Жумуртка 10 даана — 85-90 сом
Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом
Кумшекер — 56-57 сом
Күрүч — 55-60 сом
Алма — 30-50 сом
Сабиз — 10-12 сом
Картөшкө — 23-30 сом
Пияз — 15-16 сом
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн