Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

27 миң адамды таза суу менен камсыз кылуучу долбоорго президент кол койду

17.11.2021 09:02
411
27 миң адамды таза суу менен камсыз кылуучу долбоорго президент кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.


Бул долбоордун ишке кирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 27 620дан ашуун адам үчүн коопсуз таза суу жеткиликтүү болот. Аталган долбоор өлкөнүн суу тармагынын мындан аркы өнүгүүсүнө, негизинен, ичүүчү суу системасын реаблитациялоо жана курууга багытталат. Аны менен бирге, долбоорду ишке ашыруу суунун сапатын жакшыртууга өбөлгө болуп, ошондой эле калк арасында сапатсыз ичүүчү суу аркылуу берилчү ооруулардын саны кыскарат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн