28-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган үйлөрдү ээлерине тапшырат.
Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдү куруп бүтүү пландалууда.
Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сады айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.
Булак: "Марал" радиосу
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн