Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

28-июль: COVID-19 менен пневмониянын 525 учуру катталып, 1091 бейтап айыкты

28.07.2020 11:13
756
28-июль: COVID-19 менен пневмониянын 525 учуру катталып, 1091 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 525 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын 65, пневмониянын 480 учуру катталды.


Жаңы учурлар: 


Бишкек - 139;
Ош – 33;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу - 65;
Талас облусу – 30;
Нарын облусу – 36;
Ысык-Көл облусу – 83;
Жалал-Абад облусу – 101;

Баткен облусу - 25.


Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 33 844 учур катталды.


Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 1091 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 22 296 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн