Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

28 калктуу конушка айыл макамы ыйгарылды

23.04.2020 13:54
1274
28 калктуу конушка айыл макамы ыйгарылды


Президент Сооронбай Жээнбеков 21-апрелде өлкөнүн аймагындагы айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү (“айыл” макамын берүү) жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы 28 калктуу конушка айыл макамы берилет.


Алар төмөнкүлөр:


Баткен облусу:


Ынтымак Бирлик айыл аймагы Кадамжай району.


Жалал-Абадская облусу:


Мончок-Добо жана Шекафтар Сумсар айыл аймагы Чаткал району;

Такталык Үч-Терек айыл аймагы Токтогул району;

 

Нарын облусу:


Тамды-Суу Орток айыл аймагы Нарын району;

Чукур-Аксеки, Шортон Чаек айыл аймагы Жумгал району.

 

Ош облусу:


Беш-Кемпир жана Орто-Талаа Чалмон айыл аймагы Кара-Кулжа району;

Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасан, Мончок-Дөбө жана Тескей Жаңы-Ноокат айыл аймагы Ноокат району;

Кичик-Алай Исанов айыл аймагы Ноокат району;

Байыш, Батуу, Дары-Булак Кеңеш айыл аймагы Ноокат району;

Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан Кулатов айыл аймагы Ноокат району;

Торгой-Булак Катта-Талдык айыл аймагы Кара-Суу району;

Бодур-Таш, Жапалак Төлөйкөн айыл аймагы Кара-Суу  району;

Жайылма жана Кичи-Жайылма Кашка-Суу айыл аймагы Чон-Алай району.

 

Чүй облусу:

Бек-Тоо Кара-Жыгач айыл аймагы Аламүдүн району.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн