Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 668 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын 98, пневмониянын 570 учуру катталды.
Жаңы учурлар:
Бишкек
- 118
Ош – 80
Чүй облусу – 82
Ош облусу - 50
Талас облусу – 24
Нарын облусу – 15
Ысык-Көл облусу – 157
Жалал-Абад облусу – 115
Баткен облусу - 27
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 34 512 учур катталды.
Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 1091 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 22 343 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн