29-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 269 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында –
138;
Чүй облусу - 43;
Ош шаарында - 23;
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 4;
Жалал-Абад облусу - 26;
Ысык-Көл облусу - 16;
Талас облусу - 9;
Баткен облусу - 4.
Муну менен республика боюнча жалпы 5017 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 54 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2294 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн