Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

3 балбан коло үчүн күрөшөт. Айсулуу Тыныбекова менен Шаршенбеков алгачкы беттештери үчүн килем үстүнө чыгат

12.09.2022 12:26
657
3 балбан коло үчүн күрөшөт. Айсулуу Тыныбекова менен Шаршенбеков алгачкы беттештери үчүн килем үстүнө чыгат


Бүгүн, 12-сентябрь күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынында грек-рим күрөшү боюнча 4 комплект медаль ойнотулат. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер старт алат.


Коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке 63 кг салмак даражада Тынар Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов чыгат. 

Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча алгачкылардан болуп Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Спортчу 1/8 финалда Болгария-Франция беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат. 


60 кг салмак даражада Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешин өткөрөт. Спортчу Бразилиялык жана Венгриялык спортчулардын беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн