Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

3 килограммдай баңгизат ташып бара жаткан жаран Бишкек-Ош жолунан кармалды

27.01.2022 16:35
564
3 килограммдай баңгизат ташып бара жаткан жаран Бишкек-Ош жолунан кармалды

Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташыган жаран Ош-Бишкек жолунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери  Бишкек шаарына өлкөнүн түштүк аймагынан  кара куурай тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатып өткөрүү каналына бөгөт коюу боюнча операцияны жүргүзүштү. 


  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында  атайын операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү.

 

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө БМЖКККнын жана Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери  2022-жылдын 27-январь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында  Токтогул шаарындагы Ош-Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан.  Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы баштыктан афган  чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Ошондой эле, кара барсетка табылып, анын ичинде “Гашиш” жыттанган  кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон.  Алынган  заттын жалпы салмагы  2 кг. 788 граммды түздү.

   

 Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүүдө.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн