Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда туруктуу

03.05.2021 08:34
805
3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда туруктуу



2021-жылдын 3-майына карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда абал тынч болуп, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө. Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.


Куралдуу кагылышуу орун алган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргиликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө. 


Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күн-түн жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн