Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:50
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

3 жаран каза болду. Баткен облусунда унаа жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен

05.09.2021 16:54
1693
3 жаран каза болду. Баткен облусунда унаа жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен


Баткен облусунда болгон кырсыктан үч адам каза болуп, бирөө жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Министрликтин маалыматы боюнча, Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico унаасы жолдон чыгып кетип, сайга түшүп кеткен.


Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон (аты-жөнү такталууда), ошондой эле 1996-жылы туулган Э.А. жабыркаган.


Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылып, алар каза болгондорду Ички иштер министрлигине, ал эми жабырлануучуну тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн