Бишкекте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-декабрь Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. мүчөсүн кармашты.
Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн