Бүгүн,
29-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учур катталды. Бул тууралуу 30-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо
министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталгандар:
Бишкек шаарында - 3;
Чүй облусунда – 9,
Нарын облусунда - 1;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Ош облусунда – 2;
Ош шаарында – 1;
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 746га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн