Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

30-июль: COVID-19 менен пневмониянын 631 учуру катталып, 1131 бейтап айыкты

30.07.2020 11:19
1080
30-июль: COVID-19 менен пневмониянын 631 учуру катталып, 1131 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 631 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын 182, пневмониянын 449 учуру катталды.


Жаңы учурлар: 


Бишкек - 118
Ош – 89
Чүй облусу – 81
Ош облусу - 74
Талас облусу – 27
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 94
Жалал-Абад облусу – 85
Баткен облусу - 50


Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 35 143 учур катталды.


Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 1131 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 23 474 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн