Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм, - Сооронбай Жээнбеков

25.07.2020 15:04
1234
30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм, - Сооронбай Жээнбеков


30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маалымат берип жатып билдирди.

 

Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды.

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун”, - деген Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн